Суулар калып бизден кийин кылымга,
Биз адамдар агып бара жатабыз…
Гүлжамила Шакированын «тоолор, суулар бизден кийин да калып, биз адамдар агып бара жатабыз» деген саптарын акындан маек алып жатып эстеп калдым эле. Учурунда маани бербеген экем, кийинки кезде улам дилимде кайталана берчү болду. Чын эле суулар бизден кийин да калып, а биз агып бара жатабыз. Канча жакшы адамдар жашоодон агып кетишти. Азыр менде кыргыздын мыкты уул кызын бирден санаганга түтпөй түтөгөн абал. Жакын санаалаш, замандаш, жүрөктөштөрдү эле санаганда карегим жашылданып, алкымыма томуктай өксүк кептелет.
Кайран Закем (Зайырбек Ажыматов),
Кайран Каныбек акем (Каныбек Исаков)…
Эмне деген сөз дыйкандары, сөз усталары, сөз зергерлери эле. Сезимдин көөнөрбөгөн булагы ушуларда болчу. Ал булак булганчу эмес, соолучу эмес, нугунан бурулчу эмес, атаганат. Түз эле жүрөктөн чыгып, жүрөктөргө агып кирип турчу…
Мен бүгүн көптөн бери даабай, колум барбай, жүрөгүм түтпөй жүргөн эскерүүнү баштадым. Кайрандарымды тирүүсүндө кадырлай албадым, бул пенделигим мени бир өмүр өксүтүп өтөөр…
Оболу устатымдан баштайын.
Мен филфакка кеч өтүп, өзүмдөн кичүүлөр менен окуп калдым. Окууга киргенде эле мени студенттик жашоодон мурун чоң сезим күтүп алды. Ооба даярдоо бөлүмүнүн босогосунан эле эбегейсиз сезимге тушугуп, окусам деп ак эткенден так эткен жогорку окуу жайды жүрөктү эле эмес, бүт акыл эсти, ой тилекти кошо удургутуп, эки жакты каратпай ээликтирген сезим менен аттадым. Бул сезим мени окууну бүткөнчө эле эмес, жаштыгымдын баарын коштоп, коштоп эле тим болбой, өзү менен кошо жарым өмүрдү агызып кетти.
Ошол сезимди баамдаган, баалаган, баалап, баамдап эле тим калбай кошо жашаган, бөлүшкөн, мени менен бирге делбиреген, делдиреген, канатташ болуп, канат кайрылган кезде дарылаган адамдардын кат башында Каныбек акем менен Митал агай (Абдимитал Мурзахмедов) турушту.
Каныбек акем (бул кошомат, же жоготкондон кийинки экиленген обу жоктук эмес, баары агай деп, мен аке дегенимди жакын санаалаштарым айтаар) менен кантип таанышканым эсимде жок. Канча күндөн бери лентаны улам түрүп бирок эстей албай койдум. Эсимде калганы ууртундагы баланыкындай баёо жылмаюусу. Ошол жылмаюусун биринчи жолу качан көргөнүм да эсимде жок кашайып, бирок ошол жылмаюу биздин достукту, бир боорлукту бир өмүр коштоду. Дайым жылмайчу, болгону нараазы болгондо көздөрү муңайым тартып, кабагы көлөкөлөнүп, а ыраазы болгондо каректери жайнап, кабагы мына мына жарылып кетчүдөй жайылып жылмайчу. Ак карасы аралаш жашоодой Каныбек акемдин нараазы, ыраазылыгын да аралаш эскерүүнү эп көрдүм
Биринчи нараазы болгон жылмаюусу азыр да эсимде.
Мени студенттик турмуш сезим менен тосту дебедимби. Ошол сезимдин күүсү беле, же өзүм апенди белем, элдин баары жумасына бир жолу төрт пардан өтүлчү медициналык лекцияда жүрсө мен главный корпустун эшигин кайтарып, ал эми элдин баары филфакка жүрсө мен медициналык парага барып алчумун. Ошентип жүрүп Каныбек акенин сабактарына көп катышпай калдым. Бир күнү жазып тайып сабагына барсам, журналды таппайм. Каныбек аке мени кабак астынан карап, «Эргешова, журналың медицинада калып калган жокпу?» деди да, группага «старостаңарды карап койгула, бир күнү өзү жоголуп кетпесин» деди ууртунан жылмайып. Көздөрү муңайым тартып, кабагы көлөкөлөнүп нараазы боло жылмайды. Ичимден «менин медицинада адашып жүргөнүмдү кайдан билет?»деп ойлоп калдым. Көп өтпөй зачеттор башталды. Кыйратчудай элдин башында кирип алганымды кантейин. Суроону алып даярданганы баратсам Каныбек аке «Эргешова кел бери» деди эле чочуп кеттим. Чыны даяр эмес болчумун, тек гана оюмду жыйнап, билгенимди аз да болсо эстеп, иреттеп алайын деп бараткам. «Отур» деди олуттуу. Калчылдаган тиземди кош колдой кармап коомай отурдум. «Билем, даяр эмессиң, бир ырыңды жатка окуп берчи» деди күтүүсүз. Ансайын шаштым кетти. Оозума «Өрүк» деген ырым келди. Окуп баштаганда титиреп жаткам, качан Каныбек акенин жылмаюусу жаркын тартып, карегин күлкү чайганын көргөндө эргип кеттим. Канча ыр окуганым эсимде жок, аз эле дегенде жарым саат окусам керек, бирок Каныбек акенин мени токтотпой, бөлбөй укканы эсимде. Качан токтогондо маанилүү карап туруп, анан унчукпай зачет коюп, «Эргешова эгер ырды таштабасаң эле окууну бүтөсүң, а ырды таштасаң анда билбейм» деди коңур үнү менен жумшак. Бирок ууртунда нараазы да, ыраазы да жылмаюу калды. Канат бүтүп чыктым. Ошондон баштап бир өмүр кээде тымызын, кээде ачык колдоду. Сезимден мүдүрүлүп баратканда далай жөлөдү. «Эргешова (негедир Митал агай экөө атымдан айтпай фамилиямдан чакырышчу) сен ыр жаз, ошондо жеңилдейсиң, жүр ыр окуйбуз» деп ээрчитип, кээде тээ Сулайман тоого чейин чыгып кетчүбүз. Андайда тазарып, жеңилдеп, канат бүтүп эргип түшчүмүн. Далай жолу мен буулукканда Митал агай үчөөбүз ээрчишип алып түндү ойготуп, жылдыздарды чочутуп ыр окудук. «Буулуксам мен буулуктум, бул экөөнө эмне зарыл» деп ойлочумун кээде. Көрсө чыныгы устат, дос, бир боорлук ушундайда сыналат, чыңалат тура… Каныбек аке да өзүнүн ырларын, мыкты акындардын ырларын окучу, башынан өткөн окуяларды жан дили менен, жүрөгү кошо сүйлөп айтып берчү. Мен жүрөгү кошо сүйлөгөн адамдарды абдан аз көрдүм. Митал агай дүйнө алптарынын сүйүү тагдырлары тууралуу айтып берчү, а мен өз кайгымдан чыга албай, өз ырларымды окучумун.
Бир күнү Каныбек аке «Эргешова кел ыр кечеңди өткөрөлү» деди. Тайсалдап макул болбодум, мага ыр кече өткөрүү жомок сезилди. Анткени ал кезде башы көрүнгөн акын агай эжелер гана кече өткөргөнгө даачу. Корккон мага дем берип, «Мен алып барып берем» деди өзү делбиреп, мени да делбиретип. Каныбек аке ошол кечеде биринчи жолу мага ыраазы боло жылмайды. Кечени эргип алып барып, эргип сүйлөп, эргип ыр окуп, эргип сөз берип, маңдайы жарыла жайнап өзүнө батпай отурду. Ошол кассета али да сакталуу. Анда эргип сүйлөгөн жапжаш Каныбек аке, бир кучак кыпкызыл роза көтөрүп шашып кечигип кирип келген жапжаш Митал агай, эки өрүм өрттөй кызыл чачы жаагы ылдый төгүлгөн, өзүн да өрт чалган жапжаш мен жүрөм. Балапан түгү түшө элек группалаштарым жүрөт…
(Уландысы бар)
Айжаркын Эргешова, акын, журналист