Адабият

Сиз кимсиз мага?

Сиз кимсиз мага?
Сүйлөтүп сүйлөтпөгөн,
Кыялым түрлөнтпөгөн.
Жаз өңүп турса дагы,
Көңүлүм гүлдөтпөгөн.
Сиз кимсиз мага?
Жаркылдап жайнабаган,
Жакшы сөз арнабаган.
Жарашып турса дагы,
Жакшылап талдабаган.
Сиз кимсиз мага?
Бороондон тооруп турган,
Жан дүйнөм оолуктурган.
Тынч жаткан деңизимди,
Толкунга жолуктурган.
Сиз кимсиз мага?
Ашууда жолум тоскон,
Артымдан колун созгон.
Ардактап күтөрүм бар,
Аздектеп кудай кошкон.
Мен киммин сизге?
Болду эми, унчукпаңыз,
Ойлорго тумчукпаңыз.
Керемет кышкы түндө,
Керилип тынч уктаңыз.
Автору Токоева Халида
«Поэзия Ордосу» көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү,
Бишкек шаары

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button