Сиз

Жүрөгүмдүн бийлигине баш ийип.

Сапырылган ой санаада түйшөлдүм.

Канча ирет сүйөрүмдү айта албай,

Мен да сизден токтоолукту үйрөндүм.

 

Жан дүйнөмдүн жаңырыгы басылбай,

Жашоодо мен жарты айдай өңдөнөм.

Болду — дегем, өз эркимди чектейин,

Мен да сизден күттүрүүнү үйрөнөм.

 

Көңүлүмдүн көнөктөлөт көз жашы,

Көмүскөдө айтылбаган сөздү деп.

Көпкө чейин күтө берүү үчүн да

Көктүк керек, көрөңгөлүү болуу эп…

 

Акылымдын аксаганы — маанисиз,

Дешсе дешер -«тарбиясыз, таалимсиз».

Мага бакыт — бир өмүргө жетиштүү,

«Сүйөм сени»- деп айтсаңыз эгер, сиз.

 

Алсызмын

Сизде оюм, кыялым да, сиз деп гана жүрөмүн,

Көөдөнүңүз толтосуна келет менин түнөгүм.

Сүйбөсөңүз эгер мени, чын жүрөктөн жактырып,

Селсаяктай тентек чалыш, шериги жок бирөөмүн.

 

Сөлөкөттөй сезими жок, жандуумун да жансызмын,

Кызыл тамыр жүгүрсө да, ысыгы жок кансызмын.

Мага деген «жүрөк төрү» бош болбосо чын эле,

Көздөрүнөн жашы тамган, бир бечара алсызмын.

 

Жактырыңыз жандай көрүп, мен ошондо сулуумун,

Сымбатына суктандырган ажарлуумун, нурлуумун.

Сүйүүңүздөн сүзүп күндө таң алдында бир убак,

Мүрөк суусун ичкен сымал, акылдуумун улуумун…

 

Көрдүм сизди

Көрдүм сизди, көпчүлүктүн ичинен,

Салам айтып, шыбырадым ичимен.

Көрөмүн деп, туйган элем чын эле,

Түндө кирген, уюткулуу түшүмөн…

 

Кадамдарым, тык токтоду басылбай,

Бараттыңыз, жайбаракат шашылбай.

Уйгу-туйгу ойлорумдун багыты,

Желге учту, бириндеген чачымдай.

 

Көзүм менен, узатамын каламын,

Көрдүм болду, жүрөгүмдүн талабын.

Нурга дагы, шаңга дагы бөлөндү,

Төгөрөктүн төрт бурчундай тарабым.

Ашира Кулишева, акын.