Коом

«Жаш журналисттерге устаттык колдоо!» долбоору башталды

«Журналисттер» коомдук бирикмеси «Жаш журналисттерге устаттык колдоо» долбоорун баштаганын маалымдады.
Журналистикада жаңыдан кадам жасап жатасызбы?
Тажрыйбалуу журналисттердин, редакторлордун кеңештерине муктажсызбы?
Кимге кайрылууну билбей турасызбы Же кеңеш сурап кайрылуудан тартынып жатасызбы?
Макалаңызды кай жерде жарыяласа болоорун билбейсизби?
Биз сизге жардам бере алабыз?
Бизге келип түшкөн ар бир эмгекти кыргыз журналистикасы үчүн күйгөн, анын өсүп-өнүгүүсүн эңсеген, ысымдары белгилүү журналисттер менен редакторлорго сунуштап турмакчыбыз. Ар бир эмгек боюнча алар өз пикирлерин айтышмакчы.
Макаланын авторунун жана устат-редактордун макулдугу менен редакторлонгон эмгекти bashat.info сайтына жарыялап турабыз.
Макаланы жиберүү шарттары менен бул жерден тааныша аласыздар — http://bashat.info/bajlanyshuu/
Аталган мүмкүнчүлүк “Сорос-Кыргызстан” фондусунун каржылоосундагы “Кыргыз тилдүү журналисттердин кесиптик жана укуктук билимин жогорулатуу” долбоорунун алкагында түзүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button