Бойдок кезде көп нерсени элес алчу эмес экенмин. Турмушту такыр башка элестетип, кыздан кыз тандап  жүрүп, 22ге чыгып-чыкпай үйлөнүп алдым. Азыр ойлосом бала эле болгон экенмин. Бир чети күлкүм келет. Эмне мынча ашыктым дейм да.

Үйлөндү деген эле атым болбосо бойдок досторума кошулуп, тентип кетип үч күндөп жүрүп келчүмүн. Досторумдун эркексиңби? Аялыңа байланып калдыңбы, “подкоблучник” деген сөздөрүнө намыстанып кете берчү экенмин. Бир ирет аялым кетпе деп жалынып ыйлап, бутума жабышып алды. “Келесоосуңбу сени карап отурмак белем” деп, ыргыта тээп чыгып кеттим. Мени сүйүп, күтүп түнү менен уктабай отурчу экен ал байкушум. Келин болуп иштебей үйдө отуруп калган соң, күндө апама конок келет, үй иштери болуп өзүнө карабай жүдөй түштү. Ошондо достор менен кафелеп жүрүп таанышкан кыздар татынакай анан атыр жыттанып турчу. Кээде колго түшкөн коенду кое берген оңобү болуп, келбей калган күндөр да болуп калчу. Байкуш аялым баарына чыдачу, кээде гана тултуңдап, апамдан катуу жеме уккан күнү буулугуп ыйлап калаар эле. Ошентип жүрүп кыздуу болдук. Кызым ыйлаак, түнү менен уйку бербейт. Кээде аракка тоюп келип уктайм ошонун ыйлаганын укпайын деп.

Күндөр өтүп аялым көзүмө башкача  жүдөө көрүнө баштады. Апам да аялың колунан эч нерсе келбейт, элдин келиндериндей тың эмес дей бергенинен жок жерден уруш чыгарып кетирип салдым. Өзүм болсо жумушка барам, досторум менен жолугам. Инстаграм деген жаңы ачылып баштаган. Балдар менен ошол жактан кыздарды карап оозун жасатыптыр, төшүн жасатыптыр деп эле шылдыңдап калчубуз.

Бир ирет достор болуп кафеде отурсак, бир досум бир кызды көргөзүп аяш го деп калды. Көргөн көзүмө ишенбейм, менин аялым. Ушунчалык өзгөрүптүр. Мурдагыдан да татынакай. Жумушка орношуп, иштеп жатыптыр. Ошол жерден бир досум:

— Аялга да карап туруу керек. Мен чөнтөгүмө дайыма акча салып коем. Кир жууганда шымымды жууп койчу деп берем. Ал сөзсүз чөнтөктөрүн карап жууйт. Анан акчаңды ал деп алып келип берет. Ал кир жууган сенин кол акың деп эркелетип коем. Ошол акчаларды топтоп, өзүнө керектүүсүн алат, — деди.

— Мен киного алып барып, салонго барып кел деп өзүм жиберип турам. Антпесе кечке үйдө балдар менен аларга деле кыйын, — деп экинчи досум айтып калды.

Отуруп ойлондум мен аялыма эмне кылдым? Ичип барып кыжырын келтирип, түнкүсүн келбей кыздар менен ойноп жүрдүм. Өзүңө карабайсың, жүдөөсүң деп уруштум. Үйдөн чыгарчу эмесмин. Көйнөк тургай бир упа сатып берчү эмесмин. Мен аялды алганда, үйдө тамак жасап, кир жууп апама карашат деп эле үйлөнгөн экенимин. Ал кеткенден бери үч жыл болду, бир-эки жолу барып кызымды көрүмүш болдум да акыры барбай да калдым.  Азыр ал жок өзүм жүдөй баштадым го….

Ээх, эмне деген адам болдум. Инстаграмга сүрөт койгон сайын карайм, татынакай, бирок көздөрүнө  жакшылап тигилсем бир нерсе жетпей турганын сезем. Интернеттен жакшынакай балдардын сүрөтүн коюп, аялым менен таанышып тийише баштадым. Телефон номерин сурайм. Жолдошуңуз барбы деп сурайм. Бир ирет  «жолдошум бар, мага жазба» деп айтты. Ошондо ордуман так секирип атып турдум. Жакын жашаган досум бар Надыр деген. Аны менен сүйлөшүп кээде мени сурап тураарын билчүмүн. Надырга барып айтсам.

— Ой келесоо, ал сени күтүп жүрөт. Акмак экенсиң ортодо кызыңар бар. Кечирим сурап бар да элдешип ал, — деди.

Эми мени кечирбейт го деп башымды жерге салып үйгө келдим.  Акыры өзүмдүн аккаунттумдан сүрөттөрүнө лайк басып.

— Кандайсың? — деп жаздым.

— Жакшыыы, шүгүр, — деп жазды.

Жүрөгүм башкача согуп. Сагынып калганымды сездим. Ошентип сүйлөшүп жүрүп экөөбүз элдештик. Азыр эки уул төрөп берди. Көрсө үйлөнүп жатканда достордун ура-урасы менен үйлөнгөн экенмин. Эми аялымды сүйүп, сүйүү кандай болоорун түшүнүп жеттим.  Ойлоп көрсөм, аялды жүдөтүп, гүлдөтчү да өзүбүз турбайбызбы. Ошон үчүн, багбан жакшы болсо бакча гүлдөйт деген бекеринен айтылбаган чыгар…

 

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.