Коом

Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа жана Сары-Булак айыл аймактарында укук бузуулардын алдын алуу күнү өткөрүлдү

2021-жылдын 17-февралында Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа жана Сары-Булак айыл аймактарында укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Иш-чарага Кара-Кулжа РИИБнин жетекчилиги жана кызматкерлери, аталган райондун акиминин орун басары Муса Кокоев  баштаган калктын социалдык маселелери менен таанышуу үчүн тиешелүү кызмат өкүлдөрү жана айыл эли катышты. Иш-чаранын негизги максаты кылмыштын келип чыгуусуна себепчи болгон маселелердин алдын алуу болуп саналат. Жолугушууда жашоочулар төмөндөгүдөй көйгөйлөрдү ортого салышты. Таза суу тартыштыгы, электр энергиясынын бат-баттан өчүрүлүшү, жайыт маселеси, турак жай үчүн жер тилке алуу жана көчкү жүрүү кооптуулугу бар жердеги жашоочуларды коопсуз жайга жайгаштыруу сыяктуу маселелер. Калктын мындай талаптарынын айрымдары жеринде чечилди. Ал эми калган муктаждыктар аймактык жана райондук деңгээлде каралып, иш жүзүндө орундатылаарын тиешелүү кызмат өкүлдөрү маалымдашты.

Мындай иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде ар аптанын шаршемби күндөрү уюштурулуп келүүдө.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button