Коом

Баткен: Тажик тарап снайпер менен аткылады

Баткендеги чек арага жакын айылдарда абал курч. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Баткендин Көк-Таш айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Жоробай Осмонов билдирди.

«Биз Көк-Таш айылына барып, кайра кайтып келдик. Келишим болду дешти. Андан кийин да тажиктер жолго шагылдарды төгүп, Төрт-Көчөнү жаап алды. Бийликтеги чоңдор тажиктерге алданбагыла, көзүңөрдү ачкыла. Бизди басып келишсе бийликтегилер жата береби? Кечээ мен өзүм Көк-Таштагы жаңжалда болдум. Менин алдымда биздин танкты гранатомёт, миномёт менен атып жатса, офицер, танкисттер «бизге буйрук жок, ата албай жатабыз» деп ыйлады. Танкисттер жатып, аларды биз сууруп чыктык.

Дайыма тажиктерге алданасыңар. Чыр-Дөбө деген жерге аскерлерди ээрчитип бардым. Аскерлер тажиктерди аткылап ал жерден түшүрсө, «биз сүйлөштүк, «отменить» деп биздин аскерлерди ал жерден түшүрүп коюшту. Мына, кайрадан ал жерге тажиктер чыгып алып, снайпер менен аткылап, кууп жатат», — деди ал.

Булак: Турмуш. кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button