Саясат

Өмүрбек Бабановдун кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды

 Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин мурдагы башчысынын баш коргоо чарасы дагы эки шектүү — парламенттин мурдагы депутаттарынан өзүнчө каралды. Тергөө Бабановду эки айга камакка алууну суранат.

Сот жараянын судья Чынгызбек Бердимуратов алып барууда.

Бул арада сот имаратынын алдына Бабановдун тарапташтары кайра чогулду. Ошондой эле жараянга Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев менен Калдарбек Баймуратов келген.

Эске салсак, Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу кармалган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button