Коом

Жалал-Абадга Өзбекстандан ишкерлер келишти

Жалал-Абад шаарына Өзбекстандын Наманган облусунан ишкерлер, расмий адамдар жана журналисттерден турган делегация келди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки мамлекет ортосундагы ишкердикти жана достук мамилелерди жакшыртуу максатында Жалал-Абад шаарына 50 адам келген.

Белгиленгендей, конокторго баа жеткис байлык болгон Кыргызстандын өндүрүш базалары, жаратылышы жана туристтик жайлары тааныштырылат.

Бүгүн Жалал-Абад шаарында бизнес форум өтүп, анда бир катар келишимдерге кол коюлат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button