Интернет аркылуу мазактап, бирөөгө жалаа жапкандарга айып салынат


Интернет аркылуу мазактап, бирөөгө жалаа жапкандарга айып салынат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, эми социалдык тармактарда бирөө-жарымды мазактап, жалаа жапканы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 65 миң сом айып тагылат.
Мыйзам «Эркин-Тоо» гезитине 31-январда жарыяланып, 10 күндөн кийин күчүнө кирери белгиленген.