Коом

Коронавирус 1 291 кишиден аныкталып 10 бейтап каза болду

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 20-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 10 бейтап көз жумду. Бишкекте алты, Чүйдө эки, Талас менен Баткенден бирден киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 196​ адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 291 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 939 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 151 607 адамга жетти. Андан 127 692 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button