Коом

УКМК менен ИИМ биргеликте баңгизатка каршы күрөштү күчөтүү боюнча кеңешме өткөрдү

2024-жылдын 30-апрелинде КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын базасында КР  УКМКнын төрагасынын орун басары Т.М. Шабданбековдун жетекчилиги алдында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кечиктирилгис чараларды көрүү жөнүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевдин тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча  КР мамлекеттик органдарынын кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан учурдагы чакырыктар жана коркунучтар талкууланып, өлкөдөгү баңги кырдаалын жакшыртууга багытталган конкреттүү иш-чаралар иштелип чыкты.

Атап айтканда, баңги каражаттарын, өзгөчө синтетикалык баңги заттарды өндүрүү жана сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү, ошондой эле республиканын бардык аймагындагы түнкү клубдарда, казинолордо жана башка оюн-зоок жайларында баңги заттарды таратууга бөгөт коюу боюнча комплекстүү чаралар көрүлмөкчү.

Тагыраагы, укук коргоо жана финансылык чалгындоо органдары тарабынан баңги кылмыштарына каржылык колдоо көрсөтүү булактарына бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бурулат.

КР Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында баңгизаттарды, анын ичинде синтетикалык баңги заттарды даярдоо үчүн керектүү «конструкторлорду» — химиялык реагенттерди жана прекурсорлорду контрабандалоого жол бербөө боюнча көзөмөл күчөтүлөт.

Жаштар жана эмгек мигранттары, чет өлкөлөрдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары арасында баңги заттарын колдонуунун алдын алуу жана аларды баңги кылмыштуулугуна тартуунун алдын алуу боюнча бир катар чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары, «Дарыкана наркоманиясына» каршы күрөшүү максатында мамлекеттик органдар күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүүнү макулдашты.

Жыйындын алкагында  облустук, шаардык, райондук мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн Координациялык комиссиялардын ишинин алкагында баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан актуалдуу маселелер туруктуу негизде каралуусу керектиги кошумчаланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button