Коом

Улуттук банк жумушка чакырат. Талаптары

Улуттук банк адистерди жумушка чакырат. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматы билдирди.
Талаптарга ылайык, Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн адиси жана ушул эле башкармалыктын протокол тобунун адисине бош жумуш орундары бар.
Иш издегендер документтерин 13-май күнү саат 17:00гө чейин тапшырса болот.
Сынакка катышуу үчүн толук маалыматты www.nbkr.kg сайтынан ала аласыз.
Суроолор боюнча Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын персонал менен иш алып баруу бөлүмүнө же (0312) 66-90-18, (0312) 61-10-21 телефондоруна кайрылууга болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button