Саясат

Жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аларды кызматтан бошотуу боюнча сунуштар келген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдеринин негизинде Мамлекет башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Ош облусунун административдик сотунун жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялык кызматтарынан бошотулду:

— Абдыкадырова Зарина Омаровна;

— Шаршеев Эрмек Муслимович.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button