Анын айтымында Орусиянын аймагында каттоосу жок жүргөн 72 миң жаран бар. Эгер мигранттар документтерин 30-апрелге чейин мыйзамдаштырбаса депортацияланышы мүмкүн.
Бакыт Дарманкул уулу Орусияда рублдин курсунун төмөндөшүнөн жана жаңы кабыл алынган миграция мыйзамынан улам ансыз да ал жакта иштеген мигранттардын саны кыскарганын айтты. Министрдин орун басарынын маалыматына ылайык, 2022-жылы Орусиянын аймагында 587 миң мигрант жүрсө, 2023-жылы 408 миң киши калган.

