Бишкектеги турак жайдын бир чарчы метри 4 миң долларга чыкты


Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңеште «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында Бишкектеги турак жайдын бир чарчы метри 4 миң долларга чейин чыгып жатканын билдирди.
«Учурда каркастык ыкма менен салынган үйлөрдүн бир чарчы метри 900-1100 долларга (өздүк баасы) чейин болуп жатат. Панелдик үйлөрдүн баасы кыйла арзан, бир чарчы метри 600 доллардан айланууда. Даяр үйдүн баасы 1,5 миң доллардан башталат. Пайдубалынан башталгандар 1200-1300 доллар болууда», — деди Орунтаев.
Депутат Айбек Алтынбеков азыр Бишкекте үйлөрдүн чарчы метри 3 миң долларга чейин чыгып, калаа Борбор Азиядагы эң кымбат шаарлардын бирине айланганын айтты. Буга Орунтаев бир мисал келтирди.
«Мисал катары айтайын, бир объектибиз бар. Баасы 4 миң долларга чыкты», — деди Мамкурулуштун жетекчиси.