Саясат

Садыр Жапаров Жусуп Абдрахмановдун Ысык-Көл облусундагы эстелигине гүл койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарын чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кичи мекени Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында орнотулган эстелигине гүл коюу менен баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Быйыл, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон, Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгынын урматына мааракелүү иш-чаралар республикалык деңгээлде өтөт.

Юбилейди майрамдоо Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында, анын ичинде Жусуп Абдрахманов төрөлгөн Жаркынбаев айылында да пландалган.

Президент Садыр Жапаров Жаркынбаев айылынын аксакалдары менен учурашып, алар менен жылуу маанайда баарлашты.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button