Коом

Президенттин колдоосу астында рак менен ооруган балдар эс алууга кетишти

Бүгүн 26-августта, президенттин колдоосу менен онкологиялык ооруга чалдыккан балдар жайкы лагерге эс алууга кетишти. Бул тууралуу “Помогать легко” коомдук фонду кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул жылы Президент Садыр Жапаровдун каржылык колдоосу менен балдарды жайкы лагерге волонтерлер жана ата-энелери коштоп кетишти. Балдардын көпчүлүгү онкологиялык ооруга чалдыккан жана ремиссияда турган балдар.

Эске салсак, рак илдети менен ооруган балдарды реабилитациялоо онкологиялык дарылоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Коомдук Фонд “Помогать легко”  акыркы 4 жыл аралыгында рак илдетине чалдыккан балдар үчүн иш -чараларды өткөрүп келет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button