Милиция Жан Воинов боюнча маалымат берди


Бишкектин Биринчи Май РИИБи кармалган бийчиЖан Воинов боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, ал бейбаштык фактысына шектелип кармалган. «30-июнда Биринчи Май РИИБге Ж.Т. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринде В.Ж., аттуу жаран коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин атайылап жана одоно бузуп, негизсиз түрдө дене жаракаттарын келтиргендигин билдирген.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-(Бейбаштык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган В.Ж., аттуу шектүү аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.