Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжандын Ханкенди шаарына барды.
Иш-чаранын алдында мамлекет башчыны Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.