Коом

Баткенге Россия 1200 орундуу, орус тилдүү мектеп куруп берет

Баткен шаарына 1200 орундуу орус тилдүү мектеп курулат. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарына Россия Федерациясы 1 миң 200 орундуу орус тилдүү, бардык шарттары менен комплекстүү мектеп куруп берет. Ал үчүн шаардык мэрия Чет-Булак кварталынан 2 га жер тилкесин бөлгөн.

“Бүгүн Россиядан келген атайын эксперт Радик Юлбаев мектеп комплекси үчүн бөлүнгөн жерде шаар башчысы Имамназар Бурканов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Россия өлкөсүнөн келген эксперт 2022-жылдан тарта бүтүрүүчүлөрдү Башкортостан Мамлекеттик педагогикалык университетине бюджеттик негизде окуучуларды кабыл алып, адистерди даярдап берүүгө даяр экендигин билдирди”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button