Соцтармакта бишкектик окуучулар мушташкан видео тарады — ВИДЕО


Анда топ окуучу жалгыз баланы мектептин ажатканасында сабап жатканын көрүүгө болот. Видеонун автору окуя 30-январда Арча-Бешиктеги №93 мектепте болгонун айткан.

Милиция фактыны каттап, мектепте мушташка катышкан балдар жана алардын ата-энелери менен жолугушту.