Президент Садыр Жапаров жеке маалыматтарды иштетүү жана коргоо эрежелерин бузгандарга, анын ичинде маалыматтарды мыйзамсыз тараткан адамдарга жоопкерчилик каралган мыйзамга кол койду. Биринчи жолку мыйзам бузуу үчүн жеке жактарга 2,5 миң, кызмат адамдарына 10 миң, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салынат. Бир жыл ичинде кайталап бузса, айып пул тиешелүүлүгүнө жараша 7,5 миң, 30 миң жана 120 миң сомго жетет.
Балдардын жана өзгөчө категориядагы жеке маалыматтарды коргоо талаптарын бузгандарга катаал чаралар каралган. Кайталанган мыйзам бузуу үчүн юридикалык жактар 140 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Маалыматтарды мыйзамсыз чет өлкөгө өткөрүү үчүн да жоопкерчилик белгиленген. Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.

