Саясат

Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына видеоконференция форматында катышат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчылар кеңешинин мааракелик жыйынына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Жыйын Беларусь Республикасынын төрагалыгында өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Шериктештик алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча КМШ мамлекет башчыларынын бир катар билдирүүлөрү кабыл алынаары пландалууда. Негизинен, Шериктештиктин 30 жылдыгы боюнча, биологиялык коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтык боюнча, миграция тармагындагы кызматташтык, Шериктештик жарандарынын шайлоо укуктарын коргоо, ошондой эле башка тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтер.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button