Саясат

Акыйкатчы Токон Мамытов отставкага кетти

Акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Буга чейин Мамытов «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бара турганы белгилүү болгон. Аны Жогорку Кеңеш 2018-жылы Акыйкатчы кылып шайлаган. Анын талапкерлигин КСДП фракциясы сунуштаган. Эми Мамытовдун арызын Жогорку Кеңеш карап, кабыл алышы керек.

Белгилүү болгондой, өлкөдө парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button