Коом

“Империя пиццы” кафе тармактары массалык ууланууга байланыштуу убактылуу жабылды

“Империя пиццы” кафелеринин бардык тармактары массалык ууланууга байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу  Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында, кафе тармактарында массалык ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында текшерүү жүрүп жатат.

Эске салсак, бүгүн, 25-октябрда саат 7:30да Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 85 адам болгон.

Кечээ “Империя пиццанын” кафелеринен ролл жеп ууланган 12 адам тууралуу айтылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button