Коом

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук берүү бир аз төмөн болот

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук берүү бир аз төмөн болот. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Буденный, Гражданск, Гоголь, Сыдыков, Карпинск, Төрөкул Айтматов жана Чүй кең көчөсү менен чектешкен аймакта жүргүзүлгөн оңдоо иштерине байланыштуу аталган аймактарда саат 09:00дөн 18:00гө чейин жылуулуктун параметри төмөндөйт. «Ысык суу менен камсыздоо штаттык режимде жүргүзүлөт», — дешти ишканадан.

«Бишкек жылуулук тармагы» келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button