Саясат
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков камактан бошотулду
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков камактан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.
«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 9-декабрындагы чечими менен А.Ш.Жээнбековго карата мурда колдонулган баш коргоо чарасы жокко чыгарылып, ал сот залында камактан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, депутат Асылбек Жээнбеков «Кумтөр» иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин камакка алынган.