Саясат

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талант Мамытов шайланды. Парламенттин жыйынында Адахан Мадумаров менен мурдагы спикердин талапкерлиги каралып, натыйжада Талант Мамытовдун талапкерлиги жактырылды.

Добуш берүү жашыруун өтүп, анда 63 депутат Мамытовдун талапкерлигин колдоду.

Белгилей кетсек,  бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант беришты. Андан кийинки жыйында фракция лидерлери дайындалды. Ал эми парламенттин төрагалыгына «Ынтымак» фракциясы Талант Мамытовдун талапкерлигин, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Адахан Мадумаровдун талапкерлигин көрсөтүштү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button