Коом
31-декабрда саат 17:00дөн баштап «Ала-Тоо» аянтынан унаалар өткөрүлбөйт
Жаңы жыл майрамына байланыштуу 31-декабрда Эски аянт жана «Ала-Тоо» аянты кечки саат бештен түнкү бирге чейин жабык болот. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Ошондой эле, борбор калаада төмөнкү күчөлөр жабылат:
– Чүй проспектиси — Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;
– Абдумомунов көчөсү — Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин.