Бүгүн, 18-июлда Кыргыз Республикасынын Улуттук госпиталдын дарыгерлердин жана профсоюз жамааты президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, күч органдары тарабынан кысым болуп, медицина кызматкерлеринин укугу тебеленип жатканын айтып, көзөмөл кылууну суранышты. Төмөндө кайрылуу өзгөртүүсү жок берилет.
Урматтуу Ажобуз САДЫР НУРКОЖОЕВИЧ жана УКМК төрагасы КАМЧЫБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ!
Биз, Улуттук госпиталдын дарыгерлери жана медициналык кызматкерлери, Сиздерди өлкөнүн башчысы катары жана коопсуздугуна жооп берген жетекчиси катары терең тынчсыздануу менен кайрылып жатабыз.
Акыркы убактарда медицина кызматкерлерине карата болгон кысымдар, ур-токмок, коркутуу-үркүтүүлөр жана кесиптик ишмердүүлүккө ачык тоскоолдуктар кескин көбөйдү. Айрым кесиптештерибиз кызмат учурунда ур-токмокко алынууда, коркутууга кабылууда. Бирок жабыр тарткан кызматкерлер укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуудан баш тартып жатышат. Анткени алар эртең өч алуу жана ар кандай басымдар болушунан коркуп, үн катпай, унчукпай калууга аргасыз болушууда.
Мисалы, жакында эле ЛОР бөлүмүндө болгон окуяны элдин баары билишет. Ал эми кечээ эле болгон окуяда элдин көзүнчө дарыгерлерди ур-токмокко алган күч органдарынын кызматкерлери жоопко тартылбады. Бул — окуя мыйзам баарына бирдей эмес экенин, медицина кызматкерлеринин укуктары тебеленип жатканын ачык далилдейт.
Кымбат убактысын, түн уйкусун, өз өмүрүн элдин ден соолугу үчүн арнаган ак халатчандар эмне себептен басмырланып, кордук көрүшү керек? Мамлекет өз дарыгерин коргобосо, анда биз кайсы тартипке, кайсы мыйзамга ишенебиз? Бул — бизде акыйкаттык жок болуп жатканынын жана медицина тармагына коомдук ишенимдин төмөндөп жатканынын ачык белгиси.
Урматтуу Ажо САДЫР НУРКОЖОЕВИЧ жана УКМК төрагасы КАМЧЫБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ!
Сиздерден төмөнкү өтүнүчтөрдү билдиребиз:
1. Медицина кызматкерлерине карата жасалган зомбулук, коркутуу, басым көрсөтүү фактылары боюнча көз карандысыз, адилет иликтөө жүргүзүлүшүн;
2. Жооптуу кызматтагы адамдар тарабынан жасалган аракеттерге укуктук баа берилүүсүн;
3. Болгон окуяларды мыйзам жолунда так жана туура чечим чыгарып мыйзамсыз иш аракеттерди жасаган кызматкерлерге чара көрүү.
Биз Сиздерден адилет мамиле, мамлекеттик коргоо жана акыйкат чечим күтөбүз. Эгер бул зомбулуктарга бөгөт коюлбаса, медицина кызматкерлеринин моралдык абалы мындан да начарлап кетет.
Кыргыз медицинасына олуттуу көңүл бурууңуздарды суранабыз!
Биз сиздерди эл башчы катары жана тартип менен мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн жетекчи катары бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, элдин саламаттыгы үчүн кызмат кылган дарыгерлерге коргоо жана колдоо көрсөтөсүздөр деп терең ишенебиз
Сиздерге терең ишеним, урматтоо менен ,
Кыргыз Республикасынын Улуттук госпиталдын дарыгерлери жана эмгек жамааты!

