Ысык-Көлдө 3 күн жол маал-маалы менен жабылат


Монголиянын президентинин мамлекеттик сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө жол маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, убактылуу чектөөлөр 21-22-23-июль күндөрү киргизилет.
Кайсы участоктор жабылары так айтылган эмес. Болжол менен чектөөлөр «Тамчы» аэропортунан Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүктө болушу ыктымал.
Эске салсак, өлкөгө 20-июлда мамлекеттик сапар менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух келет.