Коом

Бишкекте изделип жаткан 13 жаштагы Айжамал Садырбекова аман-эсен табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан Айжамал Садырбекова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарлашты.

Милициянын маалыматына таянсак, ал кечээ, 11-февралда саат 23:30 чамасында борбор калаанын аймагынан табылган. Учурда милиция иштин бардык жагдайларын иликтеп жатат.

Эске салсак, борбор калаанын Э.Б. аттуу тургуну райондук милицияга арыз менен кайрылып, 2008-жылы туулган кызы Айжамал Садырбекова Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн кечээ болжол менен саат 10:30да чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан. Ошондой эле ал кызын табууга көмөктөшүүнү суранган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button