Садыр Жапаров жана Ухнаагийн Хурелсух «Мейкин Азия» фестивалына барышты


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 22-июлда, Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалына барышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Популярдуу музыка аткаруучуларынын “Мейкин Азия” эл аралык Ысык-Көл фестивалы — бул жаш таланттарды таанытуу жана колдоо максатында уюштурулган эл аралык музыкалык фестиваль. Ал Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2013-жылдан бери уюштурулуп, өткөрүлүп келет. Буга чейин 2013-2015-2023-жылдары өткөрүлгөн. Быйыл төртүнчү ирет өттү. Белгилүү болгондой Кыргызстанда гана өткөрүлөт.

Фестиваль музыка аркылуу элдердин ортосундагы достукту жана маданий алакаларды чыңдоо, жаш таланттуу аткаруучуларды табуу жана колдоо, Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү, маданий диалог аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо, максатында өткөрүлөт.