Жер казыналарын токендештирүү боюнча демилге сунушталды


2025-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору Аяз Баетовдун тапшырмасы менен #КРЭКМ аянтчасында “Регулятивдик гильотина” (Zero Plus) механизмин ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык кеңешме өттү. Уюштуруучулар Экономика жана коммерция министрлиги жана Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институту болуп саналат.

Жыйындын алкагында уруксат берүүчү документтерди инвентаризациялоо боюнча кампаниянын биринчи алдын ала жыйынтыгы чыгарылды. Ар бир берилген маалымкат, лицензия же сертификат боюнча негиздеме берүүгө милдеттүү болгон 32 мамлекеттик органдын ичинен 27си аткарды. Жөнөтүлгөн формалардын айрымдарында так эместиктер кезиккен: документтердин толук эмес тизмеси, укуктук жана экономикалык негиздеменин жоктугу, кайталоолор жана негизсиз процедуралар.

Жумушчу топ берилген маалыматтардын сапатын жана толуктугун баалоону баштады. Бекитилген формадан четтеген органдарга кайтарым байланыш жөнөтүлөт. Эгерде белгиленген мөөнөттө оңдоо иштери жүргүзүлбөсө, тиешелүү документтер жокко чыгаруу боюнча тизме долбооруна киргизилет.

«Регулятивдик гильотина» механизми Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 552-т буйругуна ылайык киргизилип жатат. Реформанын максаты – бизнести жүргүзүүгө жана инвестициялык активдүүлүккө тоскоол болгон ашыкча, эскирген жана кайталанган талаптарды жоюуга басым жасоо менен уруксат берүү системасын кайра карап чыгуу. Реформа этап менен ишке ашырылат: инвентаризация, классификация, эксперттик баалоо жана Президенттин Жарлыгынын долбоорун даярдоо.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу белгилегендей, мамлекеттик системанын милдети – бюрократияны көбөйтүү эмес, болжолдуу жана ачык-айкын эрежелерди камсыз кылуу. Регулятивдик гильотина механизминин алкагында далилдүү чыпкадан өтпөгөн ар кандай документ ашыкча деп эсептелип, жокко чыгарылууга тийиш.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик системаны дебюрократизациялоонун алкагында жаңы демилгелер да айтылды:

— «Кийинки кызмат» демилгеси.
Бул демилге жеке же юридикалык жак тарабынан өзүнчө арыз бербестен, жашоо окуясынын фактысы боюнча автоматтык түрдө көрсөтүлүүчү проактивдүү мамлекеттик кызматтарды киргизүүнү билдирет. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө проактивдүү мамиле эл аралык практикага негизделген жана анын натыйжалуулугун далилдеген, жашоо окуялары боюнча кызматтарды автоматтык түрдө көрсөтүү административдик тоскоолдуктарды кыскартууга, калктын канааттануусун жогорулатууга, бюрократиянын деңгээлин төмөндөтүүгө жана мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.»

— «Мамлекеттик органдардын аймактык гильотина» демилгеси.
Айрым мамлекеттик органдарда аймактык башкаруунун бир деңгээлин — облус же район деңгээлин — сактап калуунун максатка ылайыктуулугун баалоо сунушталууда.
Себеби: көптөгөн мамлекеттик органдар башкаруунун үч деңгээлдүү системасын (борбордук — облустук — райондук) колдонууну улантууда, бул функциялардын кайталанышына, башкаруунун татаалдашына жана ресурстарды натыйжасыз сарптоого алып келүүдө.

Санариптик башкаруунун өнүгүүсүн жана райондук деңгээлдин потенциалы жогорулап жатканын эске алуу менен, төмөнкүлөр сунушталууда:
– үч баскычтуу түзүмү бар мамлекеттик органдарга облус же район деңгээли сыяктуу ортоңку деңгээлдин зарылдыгын баалоо милдетин берүү;
– анын сакталышын негиздеп берүү же түзүмдү кайра уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү.

— Жер казынасын токендештирүү боюнча демилге — кендер, металлдар сыяктуу активдерге болгон укуктарды блокчейн технологиялары аркылуу санариптик формага өткөрүүнү камтыйт. Бул ыкма ачык-айкындуулукту жогорулатып, чыгымдарды кыскартат, бюрократияны азайтат жана жер казынасына кеңири инвесторлор үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Смарт-контракттар ресурстарды эсепке алууну жана айлантууну автоматташтырат.