Коом

Азамат Жаманкулов: «Баткендеги 1 тонналык сүмөлөк демөөрчүлөрдүн каражатына жасалат»

Мындай билдирүүнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, 15 млн сом Баткен шаарындагы борбордук стадионду оңдоп түзөөгө жумшалат.

«Урматтуу журналисттер, Баткен боюнча ырбатуунун кажети жок. Эч кандай 16 млн. сомго сүмөлөк жасалган жок. 15 млн сом Баткен шаарындагы борбордук стадионду оңдоп түзөөгө жумшалууда. Ал эми 1 тонналык сүмөлөк демөөрчүлөрдүн каражатына жасалып жатат»,- деп жазат министр.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда маалымат тарап, анда  Баткен облусунда 1 тонна сүмөлөк даярдалып, ага 16 млн сом коротулары айтылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button