Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомго ылайык, «Ата-Бейитте» иштегендер кызматтык маянасына кошумча 100% үстөк акы ала баштайт. Аталган документ 1-июндан тарта күчүнө кире тургандыктан, кызматкерлерге көбөйтүлгөн эмгек акы июнь айы үчүн да төлөнүп берилет.
Жыл аягына чейин үстөк акыны төлөгөнгө деп бюджеттен 4 млн 70.1 миң сом бөлүнүп берилет. Ал эми келерки жыл үчүн акчаны Каржы министрлиги караштырып, таап бериши зарыл.

