Тоолуу Алтайга иш сапар менен барган минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев бул жаныбарларды мурунку байырлаган жерине кайтаруу жана көбөйтүү үчүн маанилүү кадам болгонун белгиледи.
«Бул жөн гана акция эмес, Алтай-Саян аймагынын экосистемасынын туруктуулугуна кошкон салым», — деди ал Алтайда өтүп жаткан эл аралык экологиялык конференцияда.
ЖМКлар Алтай жергесине Баатыр, Жаныш деген эркек, Умай деген ургаачы илбирстер берилгенин жазышкан.

