Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «RECA» ЖЧКсы – ROX ENERGY GLOBAL Ысык-Көл районундагы Кызыл-Өрүк айылында кубаттуулугу 1900 МВтка чейинки күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюшту.
Аталган мекемеден билдиргендей, бул долбоор өлкөнү энергия менен камсыздоо булактарын диверсификациялоого, энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоого жана казылып алынган отунга көз карандылыкты кыскартууга багытталган стратегиялык көз карашына шайкеш келет.
Энергетикалык салымдан тышкары, долбоор жашыл инфраструктурага инвестицияларды тартуу, алдыңкы технологияларды трансферттөө жана курулуштун жана эксплуатациялоонун фазаларында жергиликтүү жумушчу орундарды түзүү үчүн перспективаларды ачат.
Кыргызстан күн энергиясы боюнча ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келечектүү өлкө. Жылына 270тен ашык күнөстүү жана жагымдуу географиялык жана климаттык шарттары менен Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактарын, атап айтканда, күн энергиясын өнүктүрүү үчүн барган сайын жагымдуу өлкөгө айланууда.
Эл аралык энергетикалык агенттиктин (IEA) жана Дүйнөлүк банктын (Дүйнөлүк банк/ESMAP) маалыматы боюнча, Ысык-Көл облусунда күн радиациясынын деңгээли суткасына болжол менен 5,4 кВт/саатка жетет – бул өнөр жай долбоорлору үчүн оптималдуу деп эсептелген көрсөткүч.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан региондук энергетикалык тармактарга кошулууга жана Казакстан, Өзбекстан жана Кытай сыяктуу өлкөлөргө экспорттук потенциалды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берген Борбордук Азиянын энергетикалык системасынын (CAPS) бир бөлүгү болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө «RECA» ЖЧКсы – ROX ENERGY GLOBAL компаниясынын өкүлү долбоор технология, коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык аспектилер жаатындагы эл аралык стандарттарды так сактоо менен ишке ашырылаарын баса белгиледи. Долбоордун масштабына жана финансылык түзүмүнө жараша, бул Экватордук принциптерди жана IFCтин натыйжалуулугунун стандарттарын камтышы мүмкүн.
Ошондой эле «RECA» компаниясынын өкүлү белгилегендей, алдыңкы күн панелдерин жана энергияны сактоочу технологияларды колдонууга, ошондой эле долбоордун социалдык-экономикалык оң таасирин камсыз кылуу үчүн жергиликтүү коомчулук менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө артыкчылык берилет.

