26-июлга карата аба ырайы


Бүгүн күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй аймагында +33…+38, Таласта +30…+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл өрөөнүндө +28…+33, Нарын жергесинде +27…+32 градуска көтөрүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы +36…+38 градуска жетет.