28-июлга карата аба ырайы


Бүгүн республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт, республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 32…37, Талас аймагында 29…34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 32…37, Ысык-Көлдө 29…34, Нарын өрөөнүндө 26…31 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа менен Ош шаарында 34…36 градуска чыгат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.