Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 26-июлда Ысык-Көлдүн Борбордук ат майданында 33 жылдан бери биринчи ирет улуттук “Мурас” ат чабыш турнири өттү.

Иш-чарада Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев кыргыз эли, байыртадан тулпарды барктап ыйык тутканын билдирип төмөндөгүлөргө токтолду.
— “Ат – адамдын канаты” дегендей, кыргыз эли күлүк аттарды, жорголорду аздектеп багып, таптап, ат майданда сынап келген. Бул ыйык өнөр – муундан-муунга өтүп келген.
Бүгүнкү саяпкерлер, Толубай сынчыдай, азыркы заманбап ыкмаларды колдонуп, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп келишет.
Ат оюндары — бул кыргыз элинин тарыхы, рухубуздун жана улуттун өзгөчө символу,– деп билдирди.Ошондой эле, жылкы чарбасын жандандыруу максатында № 54-чү мамлекеттик асыл-тукум жылкы заводун Министрлик өзүнүн карамагына алып, асыл тукум миңги, орус таскак, “Кыргыз” жана “Жаңы-кыргыз” жылкыларын өстүрүүнү колго алганын, анткени кыргыз жылкыларына Европа, Азия, Монголия, Япония жана Араб өлкөлөрүндө чоң кызыгуу жаралып, быйыл 200дөн ашык кыргыз жылкысы экспорттолгонуна токтолду.
— Бул биз үчүн жылкы чарбасындагы жетишкендик жана чоң сыймык деп эсептейм. Демек, кыргыз жылкысынын келечеги алдыда, аны урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен мамлекеттик колдоого алып, ар тараптан өнүктүрүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз! Мамлекеттик колдоо жана комплекстүү мамиле аркылуу, Борбор Азияда ат спорту боюнча лидер болобуз», – деп белгиледи министр Бакыт Төрөбаев.
Белгилей кетсек, бул масштабдуу иш-чара Манас эпосунун духун, Ак-Кула жана Тайтору сыяктуу уламыштуу образдарды, элдин тарыхый эсин, жоокердик күч менен туруктуулукту чагылдырып турат.

