Ош шаарында 33 жаштагы келин беш баласы менен (үч кыз, эки уул) иске ууланып, беш жаштагы уулу чарчап калды.
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кырсык 1-февралда болгон. Көмүрдүн исине ууланган эне балдары менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.