АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) биологиялык курал жаатындагы изилдөөлөргө каражат бөлгөн. Бул тууралуу америкалык ишкер Илон Маск Х социалдык тармагындагы баракчасында жазганын РИА Новости кабарлады.
Анын айтымында, уюм биологиялык курал жаатындагы, анын ичинде COVID-19ду изилдөөгө каражат бөлгөн.
«USAID — кылмыштуу уюм. Аны жок кылууга убакыт келди», — деп жазды Маск.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы башка өлкөлөргө жардам көрсөтүүнү убактылуу токтоткон соң USAID уюмунун 60ка жакын кызматкери өргүүгө чыккан. Ошондой эле уюмдун Украинадагы кеңсеси бардык долбоорлорду токтоткон.