Ошто 13 миң 295 студент жогорку окуу жайларынан чыгарылды


Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү чөйрөсүндө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында 2024-жылдын аягында жана 2025-жылдын башында Оштогу окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусу менен (ОшМУ, ОшТУ, ОшПУ, КӨЭУ, ОшЭМУ ж.б.) профилактикалык иштер өткөрүлгөн.

Жыйынтыгында сабакка келбеген же академиялык карыздары бар 13 миң 296 студент окуудан чыгарылган:

  • Ош мамлекеттик университети – 3 миң 573,
  • Ош технологиялык университети – 2 миң  754,
  • Кыргыз-Өзбек эл аралык университети – 3 миң 167,
  • Ош мамлекеттик педагогикалык университети – 3 миң 629,
  • Кыргыз Улуттук университеттин филиалы – 172.

Учурда студенттердин мыйзамсыз окутууга катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.