Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Сингапурда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло медаль утту.
Ал 100 метрге брасс сүзүү боюнча финалда 58,88 секунд натыйжа көрсөттү.
Бул медаль — Кыргыз Республикасынын тарыхында сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы байге.

