Ошто жарандан баласын 1-класска киргизүү үчүн 10 миң сом талап кылышкан


Ош шаарында Киров атындагы №4  мектеп-гимназиясынын уюштуруу иштери боюнча башчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча,  аталган кызматкер (М.Ж.) шаар тургунунун уулун 1-класска киргизүү үчүн 10 миң сом пара талап кылган. 24-июлда ал акчаны алып жатканда кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.