Бостеридеги «Шайтан тегирмен» аттракционунун иштөөсүнө тыюу салынды


Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Шайтан тегирмен» аттракциону текшерилип, жыйынтыгында анын иштөөсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Текшерүүгө жакында эле соцтармактарга чыккан видео себеп болгон. Анда аттракцион айланып баратканда, кабинкаларынын бири кыйшыйып туруп калып, ичиндеги кишилер кулап кет жаздаганы айтылган.

Натыйжада текшерүүгө барган комиссия аттракциондун ээсине жакында болгон кооптуу учурга эмне себеп болгонун аныктоо үчүн адистерди чакыртып текшертүүнү, аталган окуя кайталанбашы үчүн техникалык кароодон өткөрүп, тиешелүү корутунду алууну тапшырган.

Аталган талаптар аткарылганга чейин «Шайтан тегирмен» аттракционун иштетүүгө тыюу салынды.