Быйыл Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сапаттуу үрөн-көчөткө жана малды асылдандырууга өзгөчө көңүл бурду.
Алсак, ушул жылдын 6-айында эле 4 050 тонна жазгы үрөн даярдалды.
Үрөн алуучулардын саны 2 653 түзүп, 2024-жылга салыштырганда 2 эсе көп болду. Ал эми 12 млн. 152 миң көчөттөр даярдалып, былтыркыдан 3 эсеге, же 279,8 %га көбөйдү. Мунун натыйжасында көчөт импорту азайды. Ошондой эле, 22 көчөт питомниктери түзүлдү.
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 40 тонна беденин үрөнү Россия Федерациясына жана 1,6 тонна ашкабактын үрөнү Японияга экспорттолду.
“Үрөнчүлүк жана питомниктерди өнүктүрүү” долбоору аркылуу 100,0 млн. сом өлчөмүндө 3,0 пайыздык жеңилдетилген кредиттер 5 жылга үрөнчүлүк чарбаларга жана питомниктерге бериле баштады.
Тоют даярдоо максатында, жогорку түшүмдүү “сорго” өсүмдүгүнүн “Судан” гибридин өлкөбүздүн аймактарына жайылтуу иштери жүрүүдө. Бул өсүмдүк гектарынан 100 тонна жашыл масса берет.
Жогорку кирешелүү “Ферула” дары өсүмдүгүн өстүрүүнү аймактарда жайылтуу жүргүзүлүп жатат. Бул дары өсүмдүгүнүн 1 кг смоласы 200 доллардан Кытайга, Индияга экспорттолуп жатат.
Министрликте биринчи жолу ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруу үчүн 60 млн 826 миң сом бөлүнүп, асыл тукум букалардын 270 миң доза уругу алынып, техник-осеменаторлорго бекер таратылып жатат. Ветеринардык жардам көрсөтүү, профилактикалык жнаа дарылоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Ветеринардык кызматка 40 “Нива” кызматтык автоунаа берилди.
Мындай ийгиликтер боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына арналган бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

