Бишкек менен Чүйдө каттуу шамал болушу күтүлөт


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз «112» кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.